Баткенде милиция тургундарга үйлөрүн иретке келтирүүгө жардам берүүдө

Күч бирдикте! Баткен облустук милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга жардам беришүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тажикстандын кол салуусунан Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунун жашоочуларынын турак жайлары талкаланып, өрттөлүп кеткен. Учурда коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандар үйлөрүнө кайтып жатканына байланыштуу, Баткен облусунун милиция кызматкерлери жарандарга үйлөрүн иретке келтирүү үчүн жардам берип жатышат.

Ошону менен бирге милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга укук бузууларга, чагымчыл аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө көчүп жаткан жарандардын коопсуздугу камсыздалып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД