Айыл чарба продукцияларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу мөөнөтү аяктады

Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоого убактылуу тыюу салуу мөөнөтү аяктады.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, министрлер кабинетинин "Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" 2022-жылдын 17-мартындагы № 140 токтому менен алты айлык мөөнөткө экспорттоого тыюу салуу белгиленген.

Бул токтом жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирген, башкача айтканда, 2022-жылдын 24-мартынан 24-сентябрына чейин экспортко убактылуу тыюу салуу күчүндө болгон, демек, жогоруда аталган токтом 2022-жылдын 24-сентябрынан тартып күчүн жоготкон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД