Кыргыз ишкерлери Германия жана Польшага иш сапары менен барышты

Кыргыз ишкерлери Германия жана Польшага иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-24-сентябрында кыргызстандык 20 компаниянын өкүлдөрү Германияда болуп, Ганновер жана Берлин шаарларында өткөн эл аралык көргөзмөлөргө катышты. Кыргызстандын бизнес жана мамлекеттик органдардынын өкүлдөрүнүн Германияга иш сапары Германия эл аралык кызматташтык коомунун "Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" программасынын алкагында уюштурулду.

2022-жылдын 21-сентябрында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде кыргыз бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда экономикалык чөйрөдө кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Кыргызстандын ишкерлери элчиликтин экономика тармагындагы аракети тууралуу маалымат берилип, германиялык тарап менен кызматташууну жигердетүү боюнча Кыргызстандын ишкерлеринин конкреттүү сунуштары талкууланды.

Ошондой эле кыргыз бизнесинин өкүлдөрүнүн Германиянын агробизнес ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушуусу уюштурулуп, анда айыл чарба тармагында кызматташууну түзүү маселелери кеңири талкууланды. Герман тарап Кыргызстан менен айыл чарба тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын ишкерлери 2022-жылдын 24-25-сентябрында Польшанын Познань шаарында өткөн "Агро Шоу" эл аралык айыл чарба эл аралык көргөзмөгө катышты. Польшага болгон иш сапардын алкагында Кыргызстандын бизнес өкүлдөрү Польшанын айыл чарба машиналары жана жабдуулары боюнча Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, агробизнес тармагындагы ар түрдүү дүйнөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, кызыккан маселелерди талкуулоо менен бирге айыл чарба жаатында алдыңкы технологиялар жана жабдуулар менен таанышты.

2022-жылдын 26-сентябрында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Кыргыз-Польша бизнес форумуна катышып, анда 20 кыргызстандык жана 25 польшалык компаниянын өкүлдөрү эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты түзүүнүн жолдорун кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, кыргызстандык ишкерлер Польшанын "Crimea" аттуу саркынды сууларды тазалоочу ишканасында жана "Horus Energia" электр генераторлорун чыгаруучу заводдо болушту.

Кыргызстандык компаниялардын өкүлдөрүнүн Польшага болгон иш сапары жана Кыргыз-Польша бизнес-форуму КР Соода-өнөр жай палатасынын кызыкчылыктарын Германия жана Польшада коомдук негизде көрсөткөн А.Исмаилов тарабынан Польшанын инвестиция жана соода агенттиги менен биргеликте уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД