Бишкекте 100 жаштан ашкан 4 шаар тургунун куттукташты

Карылардын эл аралык күнүн утурлай Свердлов районунун акимиаты жүз жашка чыккан жана андан да узак жашаган тургундардан кабар алды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, акимчиликтин кызматкерлери кылым карыткан, 100 жаштан ашкан 4 шаар тургунуна барып, материалдык жардам көрсөттү.

Борбор калаанын муниципалитети шаардыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук жана бакубатчылык каалайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД