Путин жаңы аймактарды Орусиянын курамына кошуу боюнча келишимге кол койду

Кремлде Орусияга жаңы аймактарды кошуу боюнча келишимдерге кол коюу аземи өттү.

Россия Федерациясынын курамына Донецк жана Луганск элдик республикалары, Запорожье жана Херсон облустары кирет. Документтерге президент Владимир Путин жана субъекттердин орусиячыл администрацияларынын жетекчилери – Евгений Балицкий, Владимир Салдо, Денис Пушилин жана Леонид Пасечник кол коюшту. Эми төрт келишим Мамлекеттик Дума менен Федерация Кеңеши тарабынан ратификацияланышы керек.

Буга чейин орус армиясы көзөмөлдөгөн аймактардын орусиячыл бийлик башчылары келишимдерге кол коюу үчүн Москвага келишкен.

23-сентябрдан 27-сентябрга чейин аймактарда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгында орусиячыл бийликтин маалыматы боюнча төрт аймакта тең шайлоочулардын 87%дан ашыгы макул деп добуш берген.

Орусия 22-февралда КДР менен ЛПРди көз карандысыз аймак катары тааныган. Ошондой эле 29-сентябрда Запорожье жана Херсон облустары көз карандысыз аймак деп таанылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД