Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу абак жайына эки айга камалды. Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кечээ, 30-сентябрда чыгарды.
Алмазбек Бейшеналиев 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Белгилей кетсек, Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 28-сентябрда кармалган.