Бишкекте милицияга баш ийбей, мас абалында унаа башкарган ырчы кармалды

Бишкекте милиционерге баш ийбей, мас абалында унаа башкарган ырчы Эрнис Турсунов кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда А.Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен жол чырактын кызыл түсүнө токтобой өткөн Toyota RAV4 унаасын токтотушкан. Унаа токтоп, кызматкерлер тийиштүү документтерин сураган маалда айдоочу баш ийбей, андан ары унаасын айдай качкан.

Акыры Көк-Жар жаңы конушунан кармалып, наркология бөлүмүндө текшерүүдө айдоочу спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча айдоочуга карата жол чыракка баш ийбей өткөндүгү, мас абалында унаа башкаргандыгы жана кызматкерлерге баш ийбегендиги үчүн жалпысынан үч протокол толтурулуп, 26 миң айып салынган. Унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.

Тактоо учурунда бул жаран эстрада ырчысы жана телеканалдардын биринде коммерциялык директор экендиги аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД