"Кара-Жыгач" конушуна мыйзамсыз бийик имараттар курулган

Бишкектин "Кара-Жыгач" конушунда бийик имараттарды курууга уруксат берген аткаминерлерге иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаменти жана Курулуш-архитектура контролдоо шаардык башкармалыгынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, "Кара-Жыгач" конушунун аймагында үч кабатка чейинки турак жай курулуштарын гана курууга уруксат берилген. Бирок жогорудагы маморгандардын кызматкерлери "Кара-Жыгач" конушунун аймагында үч кабаттан бийик жана көп батирлүү объектилердин курулушуна уруксат иш кагаздары берилген.

Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД