Нарын милициясынын ардагерлери Баткен облусуна 100 миң сом топтоп беришти

Нарын ОИИБдин ардагерлери Баткен облусунун элине 100 миң сом акчалай жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Баткен облусунун элине жарандарыбыз колдон келишинче жардам берип жатат. Колдо болгон оокатынан тамак-ашына чейин ташыган элдин биримдиги жүрөк жылытат.

Мындай кайрымдуулук ишинен ички иштер органдарынын кызматкерлери, ал тургай ардагерлери да четте калган жок. Баткен облусунун элине жардам кылуу максатына Нарын облустук ички иштер органдарынын ардагерлери 100 миң сом акча каражатын чогултуп, тиешелүү эсепке которушту. Баткен элинин башына түшүп турган оор күндөрдө колдон келген жардамдарын берүү максатында өз салымдарын кошуп жаткан ардагерлерге ыраазычылык билдиребиз!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД