Баткенди калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин Баткен облусунда калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына төмөндөгүдөй күч-каражаттар тартылды:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 205 жеке курам, 41 атайын техника, жергиликтүү бийликтен 29 техника тартылган:

- Анын ичинен Баткен районуна 130 куткаруучу жана 19 техника, жергиликтүү бийликтен 21 техника;

- Лейлек районуна 75 куткаруучу жана 11 техника, жергиликтүү бийликтен 8 техника тартылып, ураган курулуш калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

"Жалпысынан 111 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 98 турак үй, жергиликтүү бийлик 13 турак үйдү бузуп тазалашты. Аткарылган жумуштун жалпы көлөмү 20637 м3ду түзүп, курулуш таштандылары тазаланды", - деп атылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД