Жазаларды аткаруу кызматы кадрдык резервге кабыл алуу үчүн сынак жарыялады

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы ЖАКнын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн сынак жарыялайт.

ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрдык резервди түзүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.02.2020-жылдагы № 51 токтому менен ЖАКнын жетекчилиги тарабынан Кызматтын кадрдык резервине талапкерлерди кабыл алуу боюнча конкурстук комиссия түзүлдү.

Сынактык тандоонун биринчи этабы 2022-жылдын 9-ноябрында саат 09:00дө "Эмгек резерви" стадионунда өтөт, анда сынактын катышуучулары физикалык даярдыгы боюнча стандарттарды тапшырышы керек. Дареги: Бишкек ш., Үсөнбаев көч., 200, ЧЧКнын түштүк жээгинде.

Компьютердик технологияларды колдонуу менен тестирлөө түрүндөгү сынактык тандоонун экинчи этабы 2022-жылдын 10-ноябрында саат 09.00дө Бишкек шаарындагы ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде жайгашкан ЖАКнын Окуу борборунда өткөрүлөт. Медеров, 94.

Сынактык тандоонун үчүнчү этабы – 2022-жылдын 11-ноябрында саат 10.00дө Бишкек шаары, көч. Ибраимов, 106.

Суроолор боюнча ЖАКнын Кадрлар бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыз: 0 (312) 43-82-10, 43-84-60


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД