Элчилик: РФдагы кыргызстандыктар аскерге чакырылат деген маалымат жалган

Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде РФнын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу элчилик кыргызстандыктардан такталбаган маалыматтарды жетекчиликке албоосун жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоосун өтүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД