КРнын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда Бишкек шаарында агенттик тарабынан Чүй облусунун айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары менен Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тийиштүү тармактык кызматкерлеринин катышуусунда окутуу семинары жыйынтыкталды.

Семинардын алкагында КР Жергиликтүү жамааттар күнүн утурлай, агенттиктин директору Элчибек Жантаевдин жетекчилиги астында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда агенттик тарабынан иштелип чыккан КР Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын бет ачары өттү.

КР мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин жөнгө салат, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин карайт, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин, анын ичинде бюджеттик процесске жергиликтүү жамааттын катышуусун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин мыйзамдарда жөнгө салынбаган башка маселелерин аныктайт.

Катышуучулар тарабынан жергиликтүү жамааттардын уставын ишке киргизүү ааламдашуунун алкагында улуттук иденттүүлүк үчүн зарыл иш-аракеттерден болуп жатканы баса белгиленди.

Уставдын бет ачарын жасаган агенттиктин кызматкери Р.Мендекеев уставга мурда болбогон жоболор - жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин принциптери жана эрежелери киргизилгендигин белгилеп, аларды чечмелөөгө кеңири токтолду.

"Анда жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү үчүн жергиликтүү жүрүш-туруштун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, мыкты салт-адатты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоо жана бекитүү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тарабынан шайлануучу коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун, жергиликтүү жамаат тарабынан туруктуу жана убактылуу топторду түзүүнүн жана алардын ишин токтотуунун эрежелери сыяктуу көптөгөн ченемдер каралган", - деди ал.

Талкуунун жүрүшүндө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери семинардын катышуучуларын кызыктырган көптөгөн суроолорго жооп беришти.

Иш-чаранын соңунда агенттиктин директору Эльчибек Жантаев жыйынтыктоочу сөз сүйлөп, мындай семинарлар мындан кийин да уюштурулуп тураарын билдирди.

"Биздин айтканыбыздан дагы өзүңөрдүн кесиптештериңиздердин айтканы сиздерге таасирдүү болот. Анткени, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин жакшы билген кесипкөй адистер бар. Келиңиздер, элге сапаттуу кызмат көрсөтүп, элден бата алып, мамлекет үчүн иштеп коелу ",- деди ал.

Эске сала кетсек, мындай тематикадагы семинарлар башка облустарда улантылмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД