Баткен: тажик аскерлери жардырган көпүрөнүн жанына жаңысы курулду

Баткен облусундагы Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолунунун 7-километринде жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көпүрөнү "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө башкармалыгы курду.

17-сентябрда Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык унаа жолунун Дача-Чайкана участкасында тажик аскерлери Ак-Суу дарыясына орнотулган 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишкен. Бул көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү товарларды жеткирүүчү эң керектүү өтмөк болгон. Жаңы көпүрө аталган көпүрөнүн жанына курулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД