ӨКМдин өрт өчүрүүчү куткаруучулары дүйнөлүк чемпионатка катышууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү куткаруучулары Өзбекстанда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатка катышууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт куткаруу спорту боюча XVII дүйнөлүк чемпионат Самарканд шаарында өтүүдө. 11 мамлекет катышып жаткан чемпионатка Кыргызстандын атынан ӨКМдин өрт куткаруучуларынан түзүлгөн курама команда спорттун "Шаты менен бийиктикке чыгуу" түрү боюнча катышууда.

Белгилей кетсек, өрт куткаруу спорту боюча XVII дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Спортчулар үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта даярдык көрүп баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД