"Манас" айтууда мага дагы бир сыр ачылды. Манасчы элге кайрылуу жасады

Талкууга алынган манасчы Рыспай Исаков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:

"Кымбаттуу достор!

Ошентип, капилет ызы-чуу жараткан Гиннеске Манас айтуубуз соңуна чыгып, 5 күндүк зор сыноону өтүп, рекорд жаңырды. Ага сүйүнүүгө убакыт бербей, кеби кейиштен, сөзү сөгүштөн бүткөн катмарга да кабылдык. Алардын бир чындыгы мени кубандырды. Ал - элдин Манаска эч качан кайдигер карабай, ага карата кымындай да чаң жугузгусу келбегендиги. Бул абдан жакшы көрүнүш. Ар дайым ушундай бололу. Бирок экинчи бир нерсе көпчүлүктүн сабырсыз жана тамырсыз аракетте боло тургандыгын туюнтту.

1. Чуу жараткан тасма кандай максатта таратылды?

2. Эмне үчүн узак мөөнөткө айтып аткан Манаста жакшы жерлер жок?

3. Манасчыны мурда угуп көрдүк беле? Башынан эле ушинтип айтат беле?

4. Манасчы Манастын касиетин билбейби? Түшүнбөйбү?

5. Эмне үчүн ушул убакка чейин өзү жооп бербейт?

6. Ур-тепки кылган тааныштар, улукмандар, дааныштар манасчы менен жеке байланышка чыгып, бир ооз окуянын төркүнүн тактадыбы?

7. Гиннес ага керек беле? Гиннести Манас касиетинен өйдө коёбу?

8. Ал айткан Манастын бир окуясын толук укпай туруп жыйынтык чыгарууга болобу?

9. Анда барган 7 манасчынын биринде да касиет жокпу? Алар эмне деди? Жок дегенде ошолор менен байланыштыкпы?

Мен көпчүлүктү ушул суроолордун тегерегинде дагы бир жолу ой жүгүртүүгө чакырам. Ал эми өзүм эң негизги бир маселени айтайын.

Бул жолку Манас айтууда мага дагы бир сыр ачылды. Мындай нерсени эзели эл алдында айткан эмесмин. Жада калса, түшүмдү айткым келчү эмес. Аргасыздык болмоюнча. Азыр да ошондой зарылдыктан улам айтып атам. Манас дүйнөсү мага жаңы бир эшигин ачты! Бул мен үчүн эң зор табылга. Жерге тебелеген жеменин баары биригип келип, анын алдында кыпындай да болбойт. Мен жеткен бул бийиктик, балким, жалпы элге жарыгын чачкан жакшылык болмок. Сыягы, кыргыз касиетинин өзүнө кастык кылган күч аябай бакубат окшойт. Аны ушул окуядан эки жолу байкадым. Кандай кызык нерсеге дуушар болгондугумду ошол Манас айтуубуздун тасмасын жарыялап атып баяндап берейин.

Көпчүлүктү түйшөлткөн тасманын да сырын, жообун ачабыз. Ал жакта да сиздер күтпөгөн жагдайлар бар. Баарына сабыр тилейм.

Мени колдоого алып, сүрөп турган Азамат Болгонбаев акыныбызга, манасчылар Замирбек Баялиев , Камил Мамадалиев , Самат Кочорбаев , Улан Исмаилов, Азиз Биймырза уулу, Нурбек Талантбековдорго, демилгечи Гүлзара Кокеновага терең ыраазычылык билдирем. Булардын ар бири мен айтканды, балким, ашыгы менен айта алат. Ага карабай, жалпы элдик кызыкчылык деп колдоп турганынын өзү алкоого арзыйт. Шаарда Талантаалы Бакчиев, Назаркул Сейдракманов манасчыларыбыз ак батасын берип калышкан. Бардык манасчынын тилеги бир - ал Манасты даңазалоо.

Ошондой эле, мен Манас айтып аткан учурда дем берип турган Султан Раев , Садык Шер Нияз, Эгемберди Чалабаев , Жумакадыр агаларыма, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Саламат Садыкова эжеме, Токтобек Асаналиев , Гулзада Рыскулова, Тилек Найманбаев ырчыларга, Айбек Сарыгулов, Темирлан Сарлыкбек уулу, Шайырбек Абдырахман , Эрнис Кыяз, Сыймык Бейшекеев досторума, Мунара Алимжан Кызы карындашыма, Алтынай Нарбаева эжеме, Кенже Дуйшеева , Азамат Жоробаев , Талант Сагынбаев , Өзгөн өнөрпоздору жамаатына, Амантай Кутманалиев , Максат Кулуев , Жеңишбек Жумакадыр, Бексултан Имашов, Назгүл Насиева, Зарылбек Шермаматов, Айдай Амангелди кызы, Кундуз Аманова, Данияр Чормошев, Сезим Тагаева, Нурия Исакулова , Тынчтыкбек Чоротегин , Ханбийке Таировна, Гүлкайыр Гулкайыр Абдиманнап Кызы , Гулзат Нурматова, Тынчтык Алтымышев , Нургазы Мусаев , Жанузак Сартпаев, Гулнур Асанова, Тасиль Токтосунова, Кутман Шаршентегин, Эржан Сулейман, Нурбек Калыбек уулу, Жанат Канат уулу, Төлөбек Мусаев, Абай Кенжекулов, тамада Бакыт Айдаралиев, Назира Бегим, Айчүрөк Маратбековна, Турсунай Жумадилова, Нурнуска Кадырова, Темирлан Сейитбеков, Жылдыз Капарова, Гулжигит Исаков, Аксанат, Бек Нур, Нургазы Уркунбаев, Бактыгул Акматов, Нуразиз Шайырбек, Олжобай Шакир Канатбек Матмуратов, Абдуразак Сатипов, Гүлшайыр Бакирова, Бубина Чолпонкулова, Дастан Алдаяровдорго, тасмадагы абалга таасын баа берген Элмира Ажыканова эжейге, жалпы эле колдоого алган маданият ээлерине алкыш айтам. Бар болуңуздар! Ылайым ырыскыңардын кесеси бөксөрбөсүн", - деп жазган манасчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД