Күмөндөр Абылов: "Башкадан күтсөм да, Рыспайдан күткөн эмесмин"

КРнын Эл артисти, театр жана кино артисти, куудул, обончу, акын Күмөндөр Абылов манасчы Рыспай Исаковдун Түркияда манас айтканына нааразылыгын билдирип чыкты. Аны ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын жазгандары толугу менен төмөндө:

"ФБда Рыспайдын "Көчмөндөр оюнуна" барып, Манас айтканын кеп кылып, чуулдап жаткандарын чала-була көрүп, кулагым чалып: "Дагы эмне ызы-чууну башташты?" - деп, дааналап көргөндөн заарканып, көрбөй койдум элем. Баары бир чыдай алган жокмун. Көрдүм. Көрүп алып ушунчалык ызаланып олтурам!

Бул, эгер атайылап: "Ушундай айтасың" - деп, режиссердун даярдаганы болсо, анда бул, бүтүндөй Кыргыз-Элин, Манасты маскаралагандык жана мамлекетибизге болгон чыккынчылык! Манас жөнүндө "Манастын уулу Семетей" деген Жалил Садыковдун драмасын өтө одоно бурмалап, көркөм тасма тарткандар да, ыйык туткан Манасыбызга шек келтиришти эле. Бул көрүнүштөр, мамлекетибизге, элибизге атайын жасалган терс аракеттерби же, кокустукпу? Эмнеге ошол кино менен Рыспайдын манас айтуусу үндөшүп атат?Ошол режиссерлордун элде, Манаста же кыргызда эмне өчү бар? Же, болгон дараметтери ошолбу? Анда эмнеге программаны башка, кесипкөй режиссерлор даядабайт, мындай Эл аралык, маанилүү иш чаранын маданий бөлүгүн?

Ал эми Рыспайга келсек, өңгөдөн күтсөм да, мындайды: "Манасчы" деген ыйык өнөрдүн ээси болгон Рыспайдан күткөн жок элем! Чарчап калды дейин десем, ошончо чарчап, чылгоосу чубалып, асты сууланганча аны бирөө кыйнадыбы? Деги эле, Манасчылар! Силерге гиннестин китебинде эмне бар? Силер гиннестин китебинен да чоң, "Манас ааламында" жүрөсүңөр го? Же, силер үчүн гиннеске кирүү, манас айтуудан да жогорубу? Манас айтуу өнөрү, гиннеске кирүүчү курал эмес да!?...

Урматтуу Мекендештер! Муну жалпы журтчулуктун талкуусуна коюп, тийиштүү тыянак чыгаруубуз керек!", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД