Кыргызстан менен Түркиянын маданият министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Түркиянын Инзик шаарында өткөн төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн.

Анда Азамат Жаманкулов министр Мехмет Мухаррем Касапоглуга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана аны Түркия тарабынан колдоого алынып, уюштуруп өткөрүлүп жатканына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстанда негизделген улуу оюндун дүйнөлүк алкакка чыккандыгын чоң жетишкендик жана мамлекет үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта өттү.

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын 148 спортчусу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынады: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД