4-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең,4-октябрда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең муздак суу саат 9.00дөн 22.00гө чейин "Северный" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта өчүрүлмөкчү.

Ошондой эле "Красный Строитель", "Ак-Тилек", "Көлмө", "Алтын Бешик", "Салам Алик" конуштарында дагы суу берүү токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД