Нарында браконьер алты тоо эчкинин эти менен кармалды

Нарында алты тоо эчкинин эти менен браконьер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-октябрда саат 00:50дө аталган министрликтин кызматкерлери УКМК өкүлдөрү менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районундагы "Босого" экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын К.А. аттуу тургуну 6 тоо текени мыйзамсыз олжолоп келе жаткан жеринен кармалды.

Окуя болгон жерде акт түзүлүп, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД