COVID-19: Акыркы убакта Кыргызстанда оорунун азайышы байкалууда

Кыргызстанда бир жумада, 26-сентябрдан 2-октябрга чейин, COVID-19дун жаңы 77 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

2022-жылдын 3-октябрына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 34-жумасынан тарта оорунун азайышы байкалууда, 38-жумада 85 учур катталган, бул 37-жумага караганда 7 учурга көп.

2022-жылдын 9 ай 1 күнүндө COVID-19дун 21 412 учуру катталган, анын ичинде 19 405 (90,6 учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД