Салык кызматы: Үй же батир ижарага бергендер салык төлөйт

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөгө тийиш экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.

Ошондой эле бардык жарандарды салыкты төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдирүүнү чакырабыз. (0312) 613189, (0779) 613189 (Whatsapp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номуру боюнча, ошондой эле аймактык салык органдарына билдирүүгө болот.

Салыкты төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33,9 миллион сом өлчөмүндө салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 миллион сомго көп.

Салык кызматы турак жай ижарасына карата бааларды жөнгө салууга ыйгарым укугу жок экендигин маалымат катары билдиребиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД