Түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери жапырт ишембиликке чыгышты

Өлкөнүн ар кайсы аймактарында КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери жапырт ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар жергиликтүү бийлик менен бирдикте өздөрүнө бөлүнгөн жана жакын жайгашкан аймактарды ирээтке келтиришти.

Аймактарды тазалоо жана жашылдандыруу иштери Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан бекитилген "Таза Мурас" улуттук кампаниясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына ылайык жүргүзүлдү.

Тазалоо иштери 17-сентябрда башталып, 31-октябрга чейин уланат.

Бул сүрөттөрдө Бишкек шаарындагы ЖАКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Молдовановкадагы No31 мекеменин жана Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагынын аскер кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан тазалык иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД