Таласта милициянын ардагерлерин карылар күнү менен куттукташты

Таласта милициянын ардагерлерин карылар күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Тантиев Асрол көп жылдар бою шаардык милицияда иштеп, эмгеги сиңген милициянын ардагери отставкадагы прапорщиги Бейшенов Сабырбек жана отставкадагы капитаны Мамытов Куланбектин кабарын алышып, карылар күнү менен куттуктады.

"

Бактылуу, дөөлөттүү карылык күтүү дагы чоң бакыт.Күчкө толуп турган кезде, болгон билимиңерди, тажрыйбаңарды жумшап эл үчүн, Ата-Мекен үчүн кызмат кылдыңар. Эми балдардын, бизге окшогон уулдардын сый урматына бөлөнүп жүрүңүздөр"-деп куттуктоо сөздөрүн айтты. Бул эле майрам эмес милициянын ардагерлерине дайыма көңүл бөлүнүп турат. Бул саам Талас ШИИБдин өздүк курамынын атынан материалдык колдоо катары акча каражатын тапшырды.

Ардегерлер ыраазычылык билдиришип, өздөрүнүн тажрыйбасында болгон окуяларды жылмаюу менен эстеп, келген конокторго ыраазы болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД