№19 түзөтүү мекемесинде соттолгон карыяларга да белектер берилди

№19 түзөтүү мекемесинде 1-октябрь күнү карылар күнү белгиленди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин кызматкерлери карылар күнүн мүмкүн болушунча сабырдуулук менен белгилеп, гуманитардык топтомдорду ардагерлерге гана эмес, соттолгондордун арасындагы карыларга да тапшырышты.

Маалым болгондой, БУУнун 1-октябрдагы сунушу менен дүйнө жүзү боюнча улгайган жарандарга колдон келген жардамдар көрсөтүлүүдө

Чүй облусунун Сокулук районундагы №19 мекеменин жетекчилиги да эл аралык демилгеден четте калган жок.

Бул атайын мекеменин ардагерлеринин бүтүндөй бир тобуна социалдык пакеттер салтанаттуу түрдө тапшырылды. Алардын ичинде Борисовская Людмила, Сартбаева Бурул, Бумарсков Виктор, Элебесов Анарбек, Шабанов Александр, Акматбекова Даярдаш, Увалиев Танабай, Исабеков Жумабек да бар.

Бул жерде жазасын өтөп жаткан кары-картаңдар да унутта калган жок. Алардын бешөөнөу да атайын белектер берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД