Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин музыканттары Бишкектин карылар үйүнүн тургундарын концерттик программа менен кубандырышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин көркөм чыгармачылык жамааты музыкалык-педагогикалык колледжинин студенттери менен биргеликте Т.Эрматов атындагы борбор калаадагы карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн мектеп-интернатынын жашоочуларына концерт уюштурушту.
Артисттердин жандуу концертине, жаш муундун мындай камкордугуна карылар жана майыптар абдан ыраазы болушту.