Ашууларга кар жаап, оор жүк ташуучу унааларга чек коюлду

Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында кар жаады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, жол тыгындарын алдын алуу максатында кечээ, 3-октябрь саат 21:00дөн тарта Бишкек-Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чек коюлду.

Ошол эле учурда жеңил унаалар тоскоолдуксуз жүрүп жатат. Алыс жолго аттанган айдоочулар жолдун ачылышы тууралуу маалыматты "112" номеринен билсе болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД