Кыргызстанда СOVID-19 каршы 90 күндүк эмдөө кампаниясы башталды

Сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана COVID-19 маалынын эпидемиологиялык күчөшү учурунда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты бустердик дозалар менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда.

COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришкендей, вакцинанын бустердик дозаларын 4-6 ай мурда эмдөөнүн толук курсун (1, 2-доза) алган республиканын бардык жарандары ала алышат.

Бустердик дозаларды Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген вакциналар менен алса болот. Бүгүнкү күнү өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү санда.

Мүмкүн болушунча көп адам өзүн ооруканага жаткыруудан жана COVID-19дун кесепетинен өлүмгө учуроодон коргоосу үчүн КР ССМ бардык каалоочуларга 2-бустердик дозаны колдонуу чечимин кабыл алды. Айрыкча 4-доза өнөкөт оорулары бар адамдарга жана 60 жаштан ашкандарга сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД