Алтынбек Максутов маданият министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. "Алтынбек Максутовдун талапкерлиги маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД