Ысык-Көлгө Россиянын эки шаарынан чартердик каттамдар ачылды

Россиянын Nordwind Airlines авиакомпаниясы 2022-жылдын сентябрында Ысык-Көлгө чартердик каттамдарды ачкан. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча аба каттамдар күн сайын, башкача айтканда, жумасына 7 жолу аткарылууда.

"Айтылган авиакомпаниянын учактары Тамчыга Санкт-Петербург шаарынан да каттап жатышат. Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча чартердик каттам жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарылып келүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД