Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө "Аймактарды экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушууда билдирди.

Анна Бьерде Баткен облусундагы азыркы кырдаалга өкүнүчүн билдирип, чек ара маселелерин бир гана тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Ч.Айдарбеков стратегиялык өнөктөш болгон жана өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөткөн Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктарын белгиледи.

"Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери 2 миллиард доллардан ашык суммада каржылык жардам алды", - деди Чыңгыз Айдареков.

Ошондой эле, ал Дүйнөлүк банкка экономиканын түрдүү тармактарына ар тараптуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Айдарбеков жолугушууда 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга токтолуп, Тажикстан эки тараптуу келишимдерди бузуп, алдын ала пландалган куралдуу агрессия жасаганын, анын натыйжасында Кыргызстандын жарандары курман болгонун белгиледи.

"Биз эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык, саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү калайбыз. Өзгөрүүсүз позициябызды дагы бир жолу ырастайбыз", - деди Ч.Айдарбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД