Бишкек–Екатеринбург багыты боюнча кошумча авиакаттамдар ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрынан тарта Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург багыты боюнча жаңы туруктуу каттамдар ачылды.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кошумча авиакаттамдарды "Уральские авиалинии" россиялык компаниясы дүйшөмбү жана жума күндөрү аткара баштады.

Эске салсак, мурда белгиленген багыт боюнча каттамдар жумасына 4 жолу – шаршемби, жума, ишемби, жекшемби сайын аткарылып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД