Кыргызстанда биринчи жолу жүндөн жер семирткич чыгарган ишкана курулат

Кыргызстанда биринчи жолу жүндөн жер семирткич чыгарган ишкана курулат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу районуна алгачкы жолу жүндөн жер семирткич жасоочу жана жүндү кайра иштетүүчү ишкана курулууда.

"Ысык-көлдүк ишкер Европа өлкөлөрүнүн жүндү иштетүүдөгү тажрыйбасын көрүп, Кыргызстанга ишкана ачууну көздөп, өзүнүн долбоору менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Долбоор фонддун байкоочу кеңеши тарабынан жактырылып, 14 млн сом пайызсыз насыя бөлүү чечими кабыл алынган. Учурда 5 млн сом каражат бөлүндү", - деп айтылат маалыматта.

Ишкердин айтымында, койдун жүнүн иштетүү тармагын кайрадан жандандыруу зарыл. "Себеби бул тармак экономикалык жана экологиялык жактан алып караганда өлкө үчүн өтө чоң пайда алып келет. Алсак бүгүнкү күндө малчылар койдун жүнүн сата алышпай жөн гана ыргытып жеберүүгө мажбур болушат. Ал эми кайра иштетүүчү ишканалар ачылса жүндү өткөрүп, киреше табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле, 20 ашык жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү", - деди ишкер.

Белгиленгендей, ишканадан өндүрүлгөн жер семирткичтер Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга экспорттолмокчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД