KOICA Жогорку Кеңешти санариптештирүү долбоорун ишке ашырат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Корея эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) менен бирге 2023-жылдан 2027-жылга чейин болжолдуу бюджети 8,4 млн АКШ долларын түзгөн "Жогорку Кеңешти санариптештирүү" долбоорун ишке ашырууну мерчемдөөдө. Бул тууралуу Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган долбоорду деталдуу иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанга IT-технологиялар тармагы боюнча кореялык эксперттер тобу келген. Эске салсак, алар буга чейин да келип Жогорку Кеңештин техникалык базасы менен таанышкандан соң, бир катар сунуштарын киргизишкен.

Белгилей кетсек, мерчемделген долбоордун негизги багыттарынын бири мыйзам долбоорлорун кароо жана добуш берүү процесстерин санариптештирүү болуп саналат.

Ал эми бүгүн парламенттин Жыйындар залында Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Бакытбек Мажитов кореялык эксперттер менен практикалык маселелерди талкуулап, адистер жасала турган иштердин көлөмүн жеринде көрүштү. Ошондой эле Корея Республикасынын парламентине киргизилген алдыңкы технологиялар боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД