Баткендин чек ара аймактарында милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

Милициянын көчмө кабылдамасы Баткен районда чек ара аймактарында иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Самаркандек айылында айыл тургундары менен милиция кызматкерлери элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып иш алып барууда.

Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айрыкча чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы эскертилди.

Милициянын көчмө кабылдамасы кыдыруу учурунда ар кандай социалдык маселелер көтөрүлүп, жеринде чечилди.

Чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун сактоо максатында Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кайгуулдарды уюштуруп, күнү-түнү кызмат өтөп жаткандыгын, элди дүрбөлөңгө салган маалыматтарды тактоо боюнча түшүндүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД