Ошто баңгизат сатмакчы болгон жаран кармалды

Ош облусунда жалпы салмагы 2 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда 61 жаштагы Ж.С.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД