Талант Мамытов Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматынан кетти

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы кызмат ордунан өз каалоосу менен кетти.

Төрага Талант Мамытов өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтыруудагы парламенттин ролу маанилүү экенин белгилеп: "Жогорку Кеңеш ар дайым эң оор мезгилде жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз милдетин так аткарып келген", - деди жана өлкөнүн Конституциясы баш болгон маанилүү чечимдер кабыл алынганын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Төрага Талант Мамытов кесиптештерине көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматтан кетүү чечими өз каалоосу менен кабыл алынганын баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД