Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

"Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөтүп, "Ишеним", "Альянс" фракциялары менен "Элдик" тобу колдоду.

Шакиевдин талапкерлиги үчүн 80 эл өкүлү "макул" добуш берсе, алтоо "каршы" болду. Бир бюлеттен жараксыз деп табылды. Жашыруун добуш берүүгө 90 депутаттын 87си катышты.

Белгилей кетсек, парламенттин мурдагы төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-октябрдагы жыйынында кызматтан кетип жаткандыгын билдирип, бул анын жеке чечими экендигин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД