"Макмалалтын" комбинатынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

"Макмалалтын" комбинатынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан "Кыргызалтын" ААКнун "Макмалалтын" комбинатынын филиалында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө "Кыргызалтын" ААКнун "Макмалалтын" комбинаты филиалынын жана "Кыргызалтын" ААКнун "Кыргызалтын-курулуш" филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 млн 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД