Бакыт Төрөбаев: Буудайдын түшүмдүүлүгү эки эсе өстү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Төрөбаев бул жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө 26 миллиард сом, анын ичинде кластердик каржылоого 10 млрд сом, 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды берүүгө, ирригацияга 1,7 млрд сом, сапаттуу үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом бөлүнгөн, жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сом, айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө кошумча 271 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.

"Учурда эгиндерди жыйноо иштери аяктады. Түшүм жакшы болду деген ишеничтебиз. Оперативдүү маалыматтар боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27,7 центнерди (өткөн жылы гектарына 14,7 центнерден) түзүп, былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүк эки эсеге өскөн. Республика боюнча 233,7 миң гектарда буудай (99,8%) жыйылды"деди ал.

Жыйындын жыйынтыгында Айыл чарба министрлигине кант кызылчасы, пахта өңдүү айыл чарба өнүмдөрүн жыйноого өзгөчө көңүл буруу, күздүк эгиндерди себүү боюнча иштерди өз убагында жүргүзүү, райондордо машине-трактор станцияларын жана айыл чарба унааларын оңдоочу устаканаларды ачуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД