№31 түзөтүү мекемесинде борбордук оорукананын курулушу жүрүп жатат

№31 түзөтүү мекемесинде борбордук оорукананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй областынын Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекеменин аймагында КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын борбордук ооруканасынын курулушу уланууда.

Бул чоң медициналык борбордун жетекчиси, ички кызматтын лейтенанты Азиз Аалиевдин айтымында, жаңы оорукана 275 орунга ылайыкталган. Нөлдөн баштап эң заманбап жабдуулар менен жабдыла турган ооруканада бир нече бөлүмдөр болот. Бул хирургиялык бөлүм, операциялык бөлүм, терапиялык бөлүм, ошондой эле нейропсихиатриялык жана наркологиялык бөлүм.

Ошондой эле оорукана комплексинин кеңири аймагында үч имарат бар: ЖКУ (борборлоштурулган стерилизация бөлүмү), кубаттуу откана жана коомдук тамактануу бөлүмү. Анын үстүнө акыркы объект ишке дээрлик даяр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД