Депутат Бактыбек Сыдыков "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын кезектеги жыйынында фракциянын лидери катары Бактыбек Сыдыков шайланган.
Эскерте кетсек, аталган фракциянын мурдагы төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланды.