Бишкекте 8-октябрда масштабдуу ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэрия бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.
"Урматтуу шаар тургундары. Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат. Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр", - деп айтылат маалыматта.