ЖК депутаттары жаңы министрлердин талапкерлигин кароодон баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы министрлердин талапкерлигин кароодон баш тартып, аларды залдан чыгарып салды.

Жаңы министрлердин талапкерлигин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров эмес, президенттин өкүлү Алмазбек Абытов сунуштаганы депутаттардын нааразычылыгын жаратты.

Эл өкүлдөрү Акылбек Жапаровдун парламентке келип, мурдагы министрлер эмне үчүн кызматтан алынганын жана азыркы талапкерлер ката кетирсе, ким жооп берерин айтып берүүсүн талап кылышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын президентинин жарлыгы менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана жолдор министри Эркинбек Осоев кызматынан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД