Тажикстан Баткендин тургундарынын уурдалган мүлкүн кайтарды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ворухтун милициясы Ак-Сай айыл тургундарына таандык 14 жылкы жана 2 автоунааны өткөрүп берген.
Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 640 үй жабыркап, жергиликтүү тургундардын мүлктөрү тонолгон.