Санкт-Петербург шаарында 27 кыргыз жараны ууланып ооруканага түштү

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 27 кыргызстандык ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, алар Лахта-Борборунда курулуш иштерин жүргүзүү үчүн келишкен. "Прайдекс" иш берүүчү компаниясы кыргызстандыктарды жатаканага жайгаштырып, үч маал тамак менен камсыздаган.

"Кыргызстандык жарандар Сергей Боткин атындагы Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, суу жана тамак үлгүлөрү алынган", - деп белгилешти КР ТИМден.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД