Баткен районунда 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды

Баткен районунун Достук айылында 47 турак үй тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды.

Баткен районунун Миң-Булак айылында өрттөлгөн сегиз турак үй аныкталып, бүгүнкү күнгө карата ӨКМ куткаруучуларынын кол күч менен тазаланып бүткөрүлдү.

Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үй толугу менен тазаланып, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД