Аламүдүндө дарактарды мыйзамсыз кыйган деп эки адам кармалды

Аламүдүндө дарактарды мыйзамсыз кыйып жаткан жеринен эки адам кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айыл өкмөтүнүн аймагынан мыйзамсыз 13 түп кара жыгач жана эки терек кыйып, жүктөп алып бара жаткан жеринен Т.Ж. жана М.А. аттуу жарандар кармалган.

Министрликтин өкүлдөрү жеринде акт түзүп, материалдарды мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришти.

Өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын жалпы суммасы 168 миң 105 сомду түздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД