№14 тарбиялоо мекемеси мугалимдерди кесиптик күнү менен куттукташты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй областынын Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоо мекемесинин жетекчилиги жана жамааты мектепте эмгектенген мугалимдерди куттукташты.
Бул иш-чаранын урматына соттолгон өспүрүмдөр өздөрүнүн сүйүктүү насаатчыларына чакан концерт уюштурушту.
Ошондой эле, мекеменин СИЗОсунда тергөөдө жаткан жашы жете элек өспүрүмдөр мугалимдерге ырларын арнап, гүл тапшырышты.