COVID-19 жана эмдөө жөнүндө фактылар

COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришкендей, эмдөө сиздин өмүрүңүздү сактап калат. COVID-19га каршы вакциналар оорунун катуу өтүшүнөн, ооруканага жаткыруудан жана өлүмдөн коргойт.

Эмдөө адамдардын вирусту башкаларга жугузуу ыктымалдыгын азайта тургандыгы тууралуу далилдер бар, демек сиздин эмдөөдөн өтүү чечимиңиз айланаңыздагыларды да коргойт.

COVID-19 жана эмдөө жөнүндө фактылар

• Эмдөө - ар бир адам үчүн коргоо!

• Эмдөөдөн кийинки антителолор оорудан кийинкиге караганда күчтүү.

• Коронавирус тымызын жана коркунучтуу, ооругандан көрө эмдөө алган артык!

• Цитокиндик бороон (иммундук системанын өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон реакциясы) эмдөөдөн кооптуу жана коркунучтуу!

• Агрессивдүү жаңы штаммдарды эмдөө токтото алат.

• Эмдөөнүн максаты - өмүрдү сактап калуу!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД